Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Шайлоо системасын жакшыртуу чаралары аныкталды


Президент Алмазбек Атамбаев шайлоо системасын жакшыртуу чаралары тууралуу жардыкка кол койду. Ага ылайык, 2015-жылы парламенттик шайлоону таза, акыйкат өткөрүү үчүн түзүлгөн жумушчу топтун курамы бекиди. Топко кызыкдар бардык тарап менен бирге талкууларды өткөрүп, шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча сунуштарды Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешке берүү тапшырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлайт.

Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш 14-майда таза шайлоо өткөрүү маселелерин талкуулаган. Анда Атамбаев таза шайлоо өткөрүүдөн акча аябоо керектигин, адилет шайлоо туруктуу өнүгүүнүн негизи болорун белгиледи.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев жергиликтүү кеңештерге болгон соңку шайлоолорду сынга алган. Добуш берүү эркин жана атаандаштык маанайда өткөнү менен айрым ыплас ыкмалардан арыла электигин көрсөткөнүн билдирген. Болочокто шайлоонун жыйынтыгы тууралуу эч кимде күмөн ой жаралбашы үчүн бардык чараларды көрүү керектигин эскерткен эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG