Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Британия Максим Бакиевди кайтаруу боюнча кызматташууга даяр


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиевдин Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Жудит Фарнворт баштаган өкүлдөр менен жолугушуусунда дайын болду. Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда Иманалиев Британ элчисинен учурда Лондондо жашап жаткан Максим Бакиевди Кыргызстанга өткөрүүгө көмөктөшүүнү өтүндү. Британиянын өкүлдөрү болсо Кыргызстан үчүн бул маселе канчалык маанилүү экенин түшүнөрүн жана кызматташууга даярдыгын билдирген.

Апрель ыңкылабынан кийин бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим учурда Британияда баш калкалап жүрөт. Былтыр АКШ ага баалуу кагаздарга байланыштуу көз боёмочулук кылган деген айып тагып, Британияга экстрадициялоо өтүнүчүн жолдогон. Бирок ушул айдын башында АКШ далилдер жетишсиз деген жүйө менен Максим Бакиевге козголгон кылмыш ишти токтотту.

Кыргызстанда Максим Бакиев Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикти жетектеп турганда коррупцияга аралашкан, өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишим түзгөн деген айып менен ушул жылдын март айында 25 жылга сыртынан соттолгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG