Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Жогорку Сот Равшан Сабировдун арызын карайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева билдирди. Анын айтымында, мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун арызы сотто 8-майда каралмак. Бирок Сабировдун адвокаты Икрамидин Айткуловдун суранычынын негизинде сот ишти бүгүнкүгө жылдырган.

Былтыр Сабировго чет өлкөгө бала асыроого уруксат берүүдөгү коррупциялык аракеттер боюнча айып тагылган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-министрди актаганы менен Башкы прокуратуранын доо арызынын негизинде шаардык сот ишти кайра карап, март айында Сабировду 5 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн чыгарган. Мындай чечимге нааразы болгон Сабировдун адвокаты Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG