Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Сирияга баргысы келген эки жаран үйлөрүнө кайтарылды


Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Кызыл-Кыя шаарында өткөн жыйын учурунда такталган маалыматка караганда, Сирия жаңжалдарына катышууну каалаган эки жарандын бири Түркиядан, бири Кыргызстандагы аба майдандарынын биринен кайра артка кайтарылган. Жергиликтүү атайын кызмат өкүлүнүн “Азаттыктын” кабарчысына тастыктаганына караганда, бул факт боюнча тергөө иши уланып жатат.

Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тараткан маалымат боюнча, Баткен облусунда 22-майда өткөн жыйында терроризмге жана экстремизмге каршы күрөш, анын ичинде айрым кыргызстандык жарандардын Сирия жаңжалдарына катышуу үчүн Түркияга баруу фактылары талкууланды.

Балдары Сирияга кетти деп шектенген ата-энелерден атайын кызматтарга жети арыз түшкөнү мурда кабарланган. Улуттук кеңештин июнь айындагы отурумунда Кыргызстандагы диний кырдаал талкууланары кабарланууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG