Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:49

Ж. Сатыбалдиев: Митингдердин көбү кен байлыктарга байланыштуу болууда


2012-жылы өлкө боюнча 1286 митинг жана 104 нааразылык акциясы өтүп, анын 726сы Бишкекте өткөн. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев парламенттеги отчетунда өкмөт учурап жаткан кыйынчылыктар тууралуу айтып жатып билдирди. Анын айтымында, митингдердин басымдуу бөлүгү кендерге байланыштуу чыккан. Кыргызстан инвестицияга чаңкап турган кезде системага айланган нааразылыктардын зыяны экономикага тийип жатат деп билдирди премьер-министр. Ал ошондой эле депутаттар белгилеп жаткан кемчиликтерди өкмөттүн системалуу иштебегендиги менен байланыштырды. “Өкмөттүн бул жолку отчету уникалдуу” деп, аны акыркы үч жылда беш өкмөттүн алмашуусу менен негиздеди.
Кыргыз өкмөтүнүн отчету буга чейин комитеттердин жана фракциялардын кароосунан өтүп, көпчүлүгүнөн канааттандыраарлык баа алган (BuS)

XS
SM
MD
LG