Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:28

Оң рулдуу айдоочулар акциясын уюштургандар милицияга чакырылды


Оң рулдуу унаа менен эл ташууга тыюу салган мыйзамга каршы акция уюштургандардын төрт өкүлү учурда Бишкектеги Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө көрсөтмө берүүдө.

Бул тууралуу “Азаттыкка” милицияга чакырылгандардын бири, Борбор Азиядагы эркин базар институтунун аткаруучу деректири Мирсулжан Намазалиев билдирди. Анын айтымында, Ак үйдүн жанындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары кечээ “Президентке белги бер!” аттуу акция маалында унаалардын ызы-чуусуна даттанып милицияга арыз жолдогон.

Жогорку Кеңеш 18-апрелдеги жыйынында унаа каражаттары тууралуу мыйзам долбоорду көпчүлүк добуш менен кабыл алган. Анда оң рулдуу унаалар менен эл ташууга тыюу салуу каралган. Мыйзамдын демилгечилери мындай чара жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн керек экенин айтышууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG