Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Кэмерон чукул чара көрүү үчүн Франциядагы сапарын токтотту


Премьер-министр Дэвид Кэмерон Лондондогу кандуу окуяга байланыштуу иш- чараларды жетектөө үчүн Франциядагы сапарын токтотуп, Британияга шашылыш кайтып келди.

Кечээ Лондондогу аскерий барактын жанында ислам ураанын чакырган эки адам бир кишини бычактап салган. Кэмерон "чак түштө жасалган аёосуз кылмыштын белгилери ал террорчулук экенин көрсөтөт"-деди. Окуя болор замат тартып алынган видеотасмада кан болгон колуна шамшар бычак жана канжар кармап турган ынды кара адам мындай дейт:

-Алар бизге каршы кандай күрөшсө, биз аларга ошондой күрөшүүбүз керек. Көзгө көз, тишке тиш. Бул окуяга күбө болгон аялдардан кечирим сурайм. Биздин аялдар өз жеринде ушундай эле нерсени көрүшүүдө. Силер эч качан коопсуз болбойсуңар. Силер жөнүндө кам жебеген өкмөтүңөрдү төңкөргүлө!

Полиция кылмышкер деп шектелген эки адамды камакка алганы жатып, курал колдонгондо алардын экөөсүнө ок жаңылып, жарадар болду. Шектүүлөрдүн аты- жөнү жарыялана элек.

XS
SM
MD
LG