Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Украин өкмөтү 10 журналисттин аккредитациясын калыбына келтирди


Киевде жүздөй журналист украин премьер-министринин 10 кабарчынын өкмөттүк жыйындарды чагылдырганга тыюу салган чечимине каршы демонстрацияга чыгышты. Он журналист  22-майдагы өкмөттүк жыйын учурунда министрлерге артын салып, телекамералардын алдына туруп алышкан соң алардын аккредитациясы токтотулган эле.

Бүгүн Өкмөт үйүнүн алдына чыккан журналисттер эрди-зайып журналистке болгон кол салууга да нааразылык билдиришти. Журналисттер ишемби күнү Киевде президент  Виктор Януковичтин тарапкерлери менен каршылаштарынын тирешүүсү кезде таяк жеген болчу.

Премьер-министр Микола Азаров журналисттер менен кездешип, аларды профессионалдуу иштегенге үндөдү жана экинчи дагы бейбаштыкка барышса, 10 кабарчынын аккредитациясы биротоло токтотуларын эскертти.

 

XS
SM
MD
LG