Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

“Ата Мекен”: Рысалиевдин маалыматы жалган


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата Мекен” фракциясынан депутат Асия Сасыкбаева билдирди. Анын айтымында, Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы саналган Азиз Батукаевдин абактан эрте бошотулушундагы өз күнөөсүн жабыш үчүн “Ата Мекендин” депутаттарына жалган жалаа жаап, коомчулуктун көңүлүн бурдурууга аракет кылып жатат:

- Зарылбек Рысалиев оор күнөөлөр менен айыпталып, абакта жаткан Абдулла Юсуповго жалган маалыматтарды жаздырып, анын негизинде президентке рапорт жазып жатат. “Ата Мекен” фракциясы Рысалиевдин министр кезиндеги “Коопсуз шаар” долбоорундагы күмөндүү иштерин текшере баштаган. Экинчиден, Батукаевди мөөнөтүнөн мурда чыгаруу боюнча депутаттык комиссия изилдеп, шектүү жагдайларды табаары менен ушундай жолго өттү.

14-майда Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев президент Алмазбек Атамбаевге кат жолдоп, “Ата Мекен” фракциясынан айрым депутаттарынын 2010-жылдагы Апрель окуяларынын учурунда талап-тоноочулукка катышы далилденгенин билдирген.

Рысалиевдин катында “Ата Мекендин” депутаттары Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөнов талап-тоноочулукту уюштуруп, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин аялын барымтага алып, ал үчүн чоң өлчөмдөгү кун талап кылганы айтылат. Бул маалыматтардын негизинде талап-тоноочулук боюнча мурда токтотулган кылмыш иши ушул жумада жандандырылды, аны иликтөө Жаза аткаруу кызматынын атайын тобуна тапшырылды. (BkA\ZB)

XS
SM
MD
LG