Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

“Центерра Голд” салыктар боюнча жаңы шартка көнбөй жатат


Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бейшембиде парламент депутаттарына отчет берип жатып билдирди. Анын айтымында, канадалык компания сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз тарап салык төлөөнүн жаңы шарттарын сунуштаган. Бирок “Центерра Голд” бул шарттарга макул болбой, өз шартын cунуштоодо. Учурда кыргыз өкмөтү бул шарттарды карап жатканын Сатыбалдиев кошумчалады.

Ушул жылдын феврал айында кыргыз парламенти Кумтөр кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун талкуулап, “Центерра” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн өкмөткө 3 ай берген. Ага ылайык, "Центеррага" экологияга тийгизген зыяндын ордун толтуруу, салыктарды көбөйтүү талаптары коюлмак. Эгер канадалык компания буга макул болбосо, 2009-жылы түзүлгөн келишимди бузуу каралган. Өкмөт сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн белгиленген 3 ай жетпээрин белгилеп, парламенттен мөөнөттү узартууну сурап жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG