Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Сотторду тандоо кеңешинин иши талкууланат


Бүгүн Бишкекте Сотторду тандоо кеңешинин ишинин ачыктыгын камсыз кылууга арналган конференция өтөт. Аны өлкөдөгү Юристтер ассоциациясы уюштурууда. Конференциянын жүрүшүндө Сотторду тандоо кеңешинин ишин талдоого алган иликтөөнүн жыйынтыгы чыгарылып, жер-жерлерде ачылган коомдук кабылдамаларга түшкөн арыздар талкууланмакчы.

Кыргызстанда Сотторду тандоо кеңеши 2011-жылы түзүлгөн. Бул кеңеш сынак аркылуу жергиликтүү жана Жогорку Соттун судьяларын иргеп алып, талапкерлерди президент жана парламентке сунуштайт. Ага мүчөлүккө жарандык коом, сот, парламенттеги көпчүлүк жана оппозициядан өкүлдөр кирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG