Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

“Жашылдар” партиясы АКШ элчисине кайрылуу тапшырды


Бүгүн "Жашылдар" партиясынын элүү чакты өкүлү Бишкекте АКШнын элчилигинин алдында митинг өткөрдү. Анда "Манас" аба майданындагы АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борборун мөөнөтүндө чыгаруу, борбордун кулаган учагына байланыштуу чыгымды төлөп берүү талабы айтылды. Бул боюнча америкалык элчиге кайрылуу жолдонду.

“Жашылдар” партиясынын өкүлдөрү митингди эми Ак үйдүн алдында улантып, өлкө жетекчилерине ушундай эле мазмундагы кайрылуу жолдогону жатат.

“Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборуна таандык “Боинг-707” үлгүсүндөгү учак 3-майда Чүйдүн Чалдыбар айылына жакын жерге кулап түшкөн. Үч учкучтун күйгөн денелери ошол жерден табылган. Бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Кыргыз өкмөтү Транзиттик борборду Кыргызстандан чыгаруу боюнча келишимди иштеп чыгып, ушул жумада парламентке жөнөттү. (EBM)

XS
SM
MD
LG