Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Учак кулаган жерден адамдардын күйгөн сөөгү табылды


Бул маалыматты “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов тастыктады. Анын айтымында, кырсык болгон жерден үч адамдын күйгөн сөөгү табылды. Учурда окуя болгон жерге облустук милициянын ыкчам-иликтөө тобу баратат.

Бүгүн саат 10дор чамасында Жалал-Абаддын Аксы районундагы Катраң-Сай деген жерде зыяндуу чегирткелерге каршы дары чачып жүргөн учак кулап түшкөн. Алдын ала маалыматка караганда, жеке компанияга таандык АН-2 үлгүсүндөгү бул учак жогорку чыңалуудагы электр зымына урунуп алган. (EBM)

XS
SM
MD
LG