Бүгүн Ошто Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырып турган «Достук» өткөрмө бекетиндеги көйгөйлөр талкууланды. Иш-чара бул жердеги кыйынчылыктар жөнүндө журналисттер жазган макалалардын негизинде «Youth of Osh» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган. Анда негизинен, өткөрмө бекетиндеги паракорчулук, жарандар үчүн шарт түзүлбөгөнү сөз болду.
"Достуктун" жетекчиси Алмаз Тойчиев өткөрмө бекетинин тосмосунун жанына адамдар үчүн отуруучу жана чай ичүүчү жерлерди куруу ал жерде иштегендердин милдетине кирбесин маалымдады. Анын айтымында, бул ишти жергиликтүү бийлик органдары жасашы керек. Жетекчилик пара алган кызматкерлер жөнүндө жарандар тарабынан далилдүү фактылар көрсөтүлмөйүнчө, маселени чечүү мүмкүн эместигине да токтолду.
Жыйын жүрүшүндө өткөрмө бекетинде жарандар үчүн шартты жакшыртуу боюнча Кара-Суу районунун бийлигине сунуштар айтылды.
«Достук» өткөрмө бекетинен күн сайын 3 жарым миң адам эки жакка өтөт. 2013-жылдын башынан бери каттаган кишилердин саны миллиондон ашкандыгын пункттун жетекчилиги билдирди.
Аталган өткөрмө бекети 2011-жылдан бери Өзбекстан менен Кыргызстанды байланыштырган негизги өткөрүү жайы болуп эсептелет. Каттагандар ал жерде кезектин көптүгү, кызматкерлердин орой мамилеси жана мыйзамсыз акча алуу негизги көйгөй экенин айтышат. (SE)