Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Москва: Асад өкмөтү Женева конференциясына катышат


Орус тышкы иштер министрлиги билдиргенине караганда, Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтү Женевадагы эл аралык конференцияга катышууга негизинен макул болду.

Жыйын өткөрүү демилгесин АКШ менен Орусия көтөргөн. Бирок орус тышкы мекемесинин басма сөз катчысы Александр Лукашевич белгилегендей, азырынча конференция качан өтөрүн так айтуу мүмкүн эмес, себеби, оппозициянын атынан ким катышары жана аларга кандай ыйгарымдар берилери белгисиз.

Ал тапта Сириянын оппозициядагы Улуттук коалициясы Стамбулдагы жыйында Женева жолугушуусуна катышуу же катышпоо маселесин талкуулоодо. Кечээ коалициянын маалымат өкүлү Асад бийликтен кетерин билдирсе гана, жыйынга катышуу мүмкүн болорун айткан.

Эки жылдан бери уланып келаткан жаңжал 80 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кетти.

XS
SM
MD
LG