Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

АКШ мамкатчысы Ирандагы шайлоо өнөктүгүн сындады


Вашингтон 14-июнда Иранда болчу президенттик шайлоо адилет өтөрүнө ишене бербейт. Шейшемби күнү Ирандын Көзөмөл кеңеши талапкерлердин чоң тобун, анын ичинде байыстуу көз караштагы экс-президент Акбар Хашеми Рафсанжанини шайлоого катыша албайт деп чечкен. Натыйжада 700гө жакын талапкердин сегизи гана президенттик шайлоого катышканга уруксат алган. Алардын көпчүлүгү Ирандын руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейиге лоялдуу адамдар.

АКШ мамкатчысы Жок Керринин айтымында, президентке талапкерлер “режимдин кызыкчылыгына ылайыктуу адамдар үчүн” шайлоодон четтетилген жана бул адамдардын Иран элинин таламын “жан дили менен коргоору күмөндүү”. Керри “шайлоо жараянында айкындык жок” деп сындады. Ал мындай билдирүүнү Израилдеги сапары кезде жасады.

XS
SM
MD
LG