АКШнын геологиялык кызматы зилзаланын магнитудасын 8.2 деп билдирет. Силкинүүнүн очогу Орусиянын чыгыш жана Жапониянын түндүк жээгиндеги Охотск деңизинде 600 метр тереңдикте катталды. Термелүүнүн эпкини Москвада да сезилип, имараттардан адамдар эвакуацияланды. Эч ким жапа тарткан жок.
Орус бийлиги Сахалин менен Курил аралдарында чукул кырдаал жарыялап, тургундарга жээктерден алыс болууну эскертти. Камчатка жарым аралындагы Петропавловск-Камчатск шаарына жакын жерде орустардын суу астындагы атомдук кайыктарынын базасы жайгашкан. Сахалинде болсо Орусиядагы эң чоң газ компаниялар жайгашкан. Бейрасмий маалымат боюнча Сахалин облусунда 15-20 миң кыргызстандык бар.