25-май Кыргызстандын бардык мектептеринде окуучулардын расмий бүтүрүү аземи өтүүдө. Быйыл 11-классты 73 миңден ашуун, 9-классты 100 миңге чукул окуучу аяктоодо. 9-класстын бүтүрүүчүлөрү 3-июндан 18-июнга чейин мамлекеттик сынак тапшырып, 20-июнь күнү бүтүрүү тууралуу күбөлүгүн алышат. Ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрү 3-июндан 20-июнга чейин сынак берип, 24-июнда аттестат тапшырылат.
Артыкчылык аттестатынын тестине быйыл 1308 окуучу катышты, анын жыйынтыгы эсептелүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Керез Жукеева билдирди.
Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, расмий салтанаттан сырткары бүтүрүүчүлөргө кечелерди уюштурууга тыюу салынган. Аны көзөмөлдөөгө ата-энелер, министрликтин жер жерлердеги бөлүмдөрү, тартип коргоо органдары милдеттендирилген. Мындай чектөө бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугу үчүн үч жылдан бери киргизилип келет. (AKu)