Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:29

Кыргызстан менен Орусиянын газ боюнча келишими жактырылды


Орусиянын “Газпром” компаниясы Кыргызстанга жаратылыш газын алып келүү боюнча эки өлкөнүн келишимин кыргыз өкмөтү жактырды. Кыргызстан менен Орусия ага кол койгондон кийин "Газпром" Кыргызстанга газ алып келет, бөлүштүрөт жана инвестицияларды тартат. Мыдан сырткары Кыргызстандын газ системасындагы оңдоп түзөө иштерин жүргүзөт. Орус компаниясы “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын милдеттерин өткөрүп алуу менен кошо карыздарын да өз мойнуна алат. Мындай маалыматты өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматта “Газпром” ачык акционердик коому “Кыргызгаздын” канча акциясына ээлик кылары айтылган эмес.

Буга чейин “Газпром” “Кыргызгаздын” 100 пайыз акциясын алаары, беш жыл ичинде 20 миллиард рубль инвестиция салары айтылып келген. Кыргызстандын күйүүчү май базарында да “Газпромдун” кол бала компаниясы “Газпром нефть Азия” негизги ролду ойноп келет. (AKu)

XS
SM
MD
LG