Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Аз камсыз болгон балдар акысыз медициналык текшерүүдөн өтүүдө

Бишкекте аз камсыз болгон балдар бүгүн медициналык кароодон өтө башташты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Шаардык саламаттык сактоо департаменти ата-энесиз, майып, кылмыштын курмандыгы болгон, аз камсыз үй-бүлөлөрдө жашаган, иштеген жана көчөдөгү кароосуз балдардын ден соолугун текшерип, медициналык кеңеш берүүдө.

1-июнга чейин пландалган иш-чаранын алкагында дарыгерлер балдар арасындагы жугуштуу жана социалдык кооптуу ооруларды текшерет. Жыйынтыгында мындай илдетке кабылган балдар болсо, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна дарылоого алынат.

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата балдарды текшерүү Бишкектеги балдар үйлөрүндө, реабилитациялык борборлордо өтөт. (AKu)
XS
SM
MD
LG