Аксыда кулаган АН-2 үлгүсүндөгү учактын кырсыкка учурашынын себептерин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында атайын комиссия изилдеп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, комиссиянын бүтүмү кийинки аптада даяр болоору күтүлүүдө.
24-майда Жалал-Абаддын Аксы районундагы Катраң-Сай участогунда зыяндуу чегирткелерге каршы дары чачып жүргөн АН-2 үлгүсүндөгү учак кулаган. Кырсыктан учактагы эки учкуч жана бир жергиликтүү тургун каза тапкан. Алдын-ала божомолдор боюнча, учак жогорку чыңалуудагы электр тогуна урунуп, кырсыкка учураган.(BkA)