Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

Бир катар айылдык кеңештерге шайлоо өтүп жатат


Президенттин жардыгына ылайык, бүгүн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ак-Булак, Оштун Араван районунун Токтогул, Кара-Суу районунун Учар жана Мамажанов, Кара-Кулжа районунун Биймырзаев айылдык округдарында, Ысык-Көлдүн төрт, Чүйдүн беш айыл округунда айылдык кеңеш үчүн шайлоо өтүп жатат. Баткен облусунун бир айылдык кеңеши кайра толук шайланат.

Бул айыл округдарында мыйзам бузулганы тууралуу арыз түшүп, териштирилип келген. Борбордук шайлоо комиссиясы иликтөөнүн жыйынтыгында аталган аймактардагы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Жергиликтүү кеңештерди шайлоо былтыр 25-ноябрда өткөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG