Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Базар-Коргон - Арстанбап жолу ачылды


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кечээ катуу жааган жамгырдан улам Базар-Коргон - Арстанбап жана Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолуна ылай аралаш кум түшүп, жолду бөгөп калган. Бүгүн таң менен Базар-Коргон - Арстанбап жолу толугу менен тазаланып, ачылды. Ал эми Мырзаке - Кара-Кулжа – Алайкуу жолу учурда тазаланып жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG