Бүгүн Кыргызстандын аймагында эки ирет жер титирөө катталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.
Анын айтымында, Улуттук Илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бүгүн 12.30дар чамасында Өзбекстандын аймагында күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн күчү Баткен облусунун аймагында 3 балл, Чоң-Алай районунда 2,5 балл болгону сезилди.
Ошондой эле бүгүн түш ченде Нарындын Ат-Башы районундагы Казыбек айылында очогунда күчү 2.5 баллга жеткен жер титиреди. Алдын ала алынган маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.(BkA)