Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Бүгүн Бишкекте ЖККУнун бейформал саммити башталат



Эки күндүк иш-чара бүгүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук катчыларынын, Тышкы иштер жана Коргоо министрлеринин катышуусунда болуучу жыйын менен башталмакчы. Анда уюмга мүчө өлкөлөрдүн аскердик кызматташтыгын өнүктүрүү жаатындагы негизги багыттарды 2020-жылга чейин ишке ашыруу, ЖККУнун башкы наркологдорунун координациялык кеңешин түзүү, чек ара коопсуздугу, уюмга мүчө өлкөлөрдүн тышкы саясаты тууралуу маселелер каралат.

Бүгүнкү жыйынга ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа жана Биргелешкен штабдын жетекчиси Александр Студенкин катышмакчы.

28-майда ЖККУга мүчө өлкө башчылары жолугушат. Анда президенттер негизги көңүлдү жамааттык коопсуздук, Ооганстан тараптан ыктымалдуу коркунучтарга каршы чараларды күчөтүүгө бурушарын ЖККУнун маалымат кызматы билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG