Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:41

Ошто кыргыз тилинен жат жазуунун жеңүүчүлөрү сыйланат


Кыргыз тили боюнча жат жазуудан “эң жакшы” баага татыктуу болгон 12 жеңүүчүнүн үчөө мектеп окуучусу, төртөө түрдүү улуттун өкүлдөрү, калгандары мугалимдер жана врачтар. Ошондой эле “жакшы” деген баага татыктуу болгон 50 катышуучу да сыйланат.

Ар улуттун өкүлдөрү, ар кайсы кесип ээлери, студенттер, окуучулар болуп, жалпы 200 чамалуу жаран катышкан иш-чаранын эң кичинекей катышуучу 9 жашта болсо, эң улуусу - өзбек улутундагы Махмуджан Атажанов 75 жашта. Уюштуруучулардын “Азаттыкка” белгилөөсү боюнча ынтымак, достуктун башаты эзелтен тил болуп келген, иш-чаранын максаты - Ош калаасында жашаган бардык улуттардын ынтымагын, достугун бекемдөө болду. Кыргыз тили боюнча жат жазуу өткөн жума күнү болгон.

Жеңүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын кыргыз тил коомунун мактоо баракчалары, “Мамлекеттик тил мыйзамынын” автору Жогорку Кенештин депутаты Урмат Аманбаевадан баалуу белектер берилет.

Демилгечилердин бири, журналист Жылдыз Бекбаеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча кыргыз тилин колдоо жана өнүктүрүү максатында бул иш-чара келечекте өлкөнүн бардык аймактарында, мекендештер жашаган чет мамлекеттерде өткөрүлмөкчү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG