Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:12

Бишкекте балдар эмгегине каршы күрөшүүгө арналган тегерек үстөл болот


Кыргызстандагы Кесиптик кошуундар Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен чогуу өткөрүүчү иш-чара “Балдар эмгегинин оор түрлөрү менен аймактык деңгээлде күрөшүүнүн биргелешкен аракеттерин иштеп чыгуу” деп аталат.

Жыйынга Эл аралык эмгек уюмунан, жумуш берүүчүлөрдүн улуттук конфедерациясынан, билим, илим кызматкерлеринин кесиптик кошуунунан өкүлдөр катышмакчы. Мындан тышкары балдар эмгеги тууралуу иш алып барган бейөкмөт уюмдар, мектеп жетекчилери жана мугалимдер чакырылган. Ошондой эле Эл аралык эмгек уюмунун Балдар эмгегине арналган долбоорунун Азербайжан, Казакстан жана Тажикстандагы өнөктөштөрү да катышары күтүлүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG