Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:22

Бишкек: Мэрия үлгүлүү балдарга энциклопедия тартуулайт


Бишкек шаардык мэриясы 1-июнь - Балдар күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөргөнү жатат. Шаар башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, 1-июнда Улуттук филармонияга 1200дөй бала чогулат. Алар мектепте жакшы окуган, түрдүү олимпиадалардын жеңүүчүсү болгондор. Ошондой эле көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары да чакырылган. Салтанаттын ар бир катышуучусуна белек катары "Балдар энциклопедиясы" тартууланат. Майрамдык иш-чаралар шаардын парктарында да уюштурулат. Түрдүү оюн-зоок программа тартууланып, оюн-таймашка катышкандардын мыктыларына белектер тапшырылат. (RK)

XS
SM
MD
LG