Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

ЖККУнун аскердик техникасынын тизмеси талкууланууда


Бүгүн Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны өтүп жатат. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, министрлер уюмдун жалпы курал-жарагы жана аскердик техникасынын тизмесин талкуулап жатат.

Биргелешкен иш-чараларды аткарууда кандай жана канча курал-жарак керек, аларды тейлөө, кара май менен камсыз кылуунун бирдиктүү эрежелери каралууда.

Ошондой эле нормативдик-укуктук багыттагы бир катар маселелер талкууланат.

Жыйынга Армениядан министр Сейран Оганян, Беларустан Юрий Жадобин, Казакстандан Адилбек Жаксыбеков, Кыргызстандан Таалайбек Өмүралиев, Орусиядан Сергей Шойгу жана Тажикстандан Шерали Хайруллоев катышууда.

Эртең, 28-майда Бишкекте ЖККУнун президенттер кеңешинин жыйыны өтөт. Аны утурлай бүгүн өз отурумдарын коргоо, тышкы иштер министрлери жана Коопсуздук кеңештеринин жетекчилери да өткөрүүдө.

Аймактык коопсуздукту камсыз кылуу максатында түзүлгөн ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Орусия кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG