Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:41

Базар-Коргон: Суу агызып кеткен малчыны издөө уланууда

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылында суу агызып кеткен малчыны издөө бүгүн да уланып жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, 25 жаштагы Бектурсун Нышанов 25-майда малын Отуз-Ат жайлоосуна айдап бараткан. Дарыяны кечип баратып аттан кулап түшкөн. Ошо бойдон дайынсыз. Издөө иштерине Жалал-Абад шаарынын Куткаруу кызматынан 5 киши тартылууда. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG