АКШ жана Орусиянын тышкы иштер министрлери: Жон Керри менен Сергей Лавров бүгүн Парижде кездешип, Сирия боюнча тынчтык конференциясынын келечегин талкуулашат.
Жекшемби күнү Сириянын тышкы иштер министри Валид-ал-Муаллем анын өкмөтү эл аралык сүйлөшүүгө катышканга “негизинен” даяр экенин билдирди. Оппозициядагы Сирия улуттук коалициясынын өкүлү Луэй Сафи 26-майда Стамбулда "албетте, сиздерге маалым, биз Женевадагы жыйынга катышканга принцибинде макулбуз. Сирия режиминин, Асаддын режиминин максаты жана ниети тууралуу дагы да ачык-айкын сөздөрдү уккубуз келет. Буга чейинки сигналдар позитивдүү эмес болчу" -деп билдирди.
Сирия оппозициясынын исламчыл канаты Асаддын өкмөтү менен сүйлөшүүгө макул болбой жатат. Ирандын сүйлөшүүгө катышканына Франция каршы чыгууда. Ливан шииттери-"Хезболла" уюмунун согушчандарынын Асадга ыктаганы жагдайды ого бетер татаалдантууда.
Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери бүгүн Сирия оппозициясына көмөктөшүү жагын талкуулашат.