Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Орусиядагы кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрү талкууланууда


Орусиянын Екатеринбург шаарында эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүнө арналган эл аралык конференция өтүп жатат. Ага КМШ мамлекеттеринин акыйкатчылары катышууда. Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акундун "Азаттыкка" айтымында, ал конференциянын катышуучуларына Кыргызстандагы ички жана тышкы миграциялык процесстер тууралуу айтып берет. Иш-чарага Орусияда жашаган кыргыздардын коомдук уюмдарынын жетекчилери да катышууда.

Кыргызстандан Орусияга иштегени кеткен эмгек мигранттары боюнча расмий статистика жок. Бирок көз каранды эмес уюмдардын маалыматында, алардын саны бир миллионго чамалап калды. Көпчүлүгүнүн документтери жайында эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG