Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

Бишкектин студенттери өнөр таймашына чыкты


Бишкекте "Студенттик жаз - 2013" көркөм сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Шаар мэриясынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, чыгармачыл студенттердин фестивалы быйыл алтынчы жолу уюштурулду. Төрт күн бою Бишкектин жогорку окуу жайларында окуган бир жарым миңдей студент өнөр таймашка чыгып жатты. Жыйынтыгында баш байге К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетине жана Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетине тийди.

Өнөрпоз студенттер эстрада, классикалык вокал, көркөм окуу, театр, бий, цирк, хор багыттары боюнча таймашты. "Манас" эпосун мыкты айткан, мода көрсөткөн жаштар да болду. (RK)

XS
SM
MD
LG