Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитине байланыштуу 27-29-майда Бишкектин айрым борбордук көчөлөрү маал-маалы менен улам жабылып турат. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматынан кабарлашты. "Манас" аэропортунан "Ала-Арча" резиденциясына чейинки жолдогу Фучик, Жибек-Жолу, Манас, Тынчтык жана Чүй көчөлөрүнөн президенттик кортеж унаалары өткөн сайын жол кыймылына чектөө киргизилип турат.
ЖККУ саммити эртең өтөт. Иш-чаралар негизинен "Ала-Арча" резиденциясынын ичинде болот. Ага Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан президенттери катышат. Тажик президенти Эмомали Рахмон эки күндүк расмий сапарына байланыштуу Бишкекке бүгүн учуп келди. (RK)