Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мындай пикирин бүгүн кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан соң журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Рахмон чек араны аныктоо достук жана кошуналык маанайда чечүүнү талап кылган тарыхый маселе деп белгилеп, “эзелтеден акылмандыгы жана даанышмандыгы менен таанылган эки кошуна эл бул суроону конструктивдүү жол менен чечүүгө тийиш” экенин айтты.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев болсо "эки өлкөнүн ортосунда мураска калган көйгөйлөрдү чечүүгө мезгил жетти", - деп билдирди маалымат жыйынында. Мамлекет башчы бүгүн эки тараптан 10 документке кол коюлганын белгилеп, жолугушууда тараптардын ортосунда кайчы пикирлер болбогонун кошумчалады.(ZKo)