Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:05

Румынияда дүйнөдөгү эң чоң туу жасалды


200 жумушчу Бухаресттен 35 чакырымдай түштүктөгү Клинчени кыштагында тууну жайганга бир нече саат сарпташты. Дүйнөлүк рекорддордун Гиннес китебининин өкүлү Жэк Брокбанктын билдиришинче, туунун узуну 349 жана туурасы 227 метр, а салмагы 5 тонна. 200 адам аны асабасына бир нече саатта араң орнотушту. Желек-тууларды жасачу фабриканын башчысы Адриан Драгомирдин айтышынча, тууну жасаганга 70 километр жип жумшалган жана аны бириктирип тиккенге бир нече жума кеткен. Буга чейин дүйнөдөгү эң чоң туу Ливанда жасалган.

XS
SM
MD
LG