Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Бүгүн Бишкекте ЖККУнун бейформал саммити уланат


Буга байланыштуу бүгүн таңга жуук Орусия президенти Владимир Путин Бишкекке учуп келди. Кечээ Бишкекке Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон келген. Ошондой эле жыйынга Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да катышат.

ЖККУнун бул жолку бейформал жыйынына Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын мамлекет башчылары катышмакчы. Анда негизги маселе катары антитеррордук альянстын күчтөрү Ооганстандан чыгып кеткенден кийинки Борбор Азиянын коопсуздугу талкууланары кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG