Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:24

Багдаддагы жардыруулардан кеминде 70 киши набыт болду


Дүйшөмбү күнү Ирактын борборундагы шииттер жашаган аймакта 12ден ашуун жардыруу болгон. Азырынча буга жоопкерчиликти эч ким ала элек, бирок "ал-Каиданын" согушкерлери жана суннитчил топтор мурдараак шииттер жашаган аймактарга кол салышкан.

Акыркы эки айда Ирактын шииттер жана сунниттер жашаган аймактарында миңден ашуун киши жардыруулардан өлгөн.

Иракта сунниттер менен шииттердин ортосундагы кандуу кагылыш күн өткөн сайын күчөөдө. Сунниттер бийликте отурган шииттерди өздөрүн "басмырлап жатат" деп айыптап келишет.

XS
SM
MD
LG