Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Орусия курал эмбаргосунун жоюлганына нааразы


Москванын көз карашында, Еврошаркеттин Сирияга киргизилген курал эмбаргосун жоюшу тынчтык конференция өткөрүү келечегине тикелей зыян тийгизет.
Москва менен Вашингтон Сирия жаңжалын жөнгө салууну максат кылган тынчтык конференцияны келерки айда уюштурууга аракеттенүүдө, бирок ал качан өтөрү, кимдер катышары белгисиз.

Еврошаркет Сирия козголоңчуларына киргизилген курал эмбаргосунун мөөнөтүн узартпоону кечээ макулдашкан. Бирок козголоңчулардын өзүнө курал берүү боюнча чечим кабыл алынган жок.

Британ тышкы иштер министри Уильям Хейг "Бул көп өлкөлөр үчүн кыйын болду. Ошон үчүн биздин талкуубуз 12-13 саатка созулду. Бирок бул туура чечим" деп айтты.

Орусия Еврошаркет Сирия президенти Башар Асаддын режимине каршы киргизилген санкцияларды сактоо менен козголоңчуларга каршы курал эмбаргосун жоюшун “кош стандарттуулук” катары баалады. Бул тууралуу орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябаков билдирди.

Сирия оппозициясынын Улуттук коалициясынын өкүлү Лоуай Сафи болсо Еврошаркет чечими “абдан эле кеч кабыл алынганын” белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG