Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:59

Медиаэксперттер: Министр Суранчиев мыйзам бузду


Медиаэксперттер Кыргызстандын ички иштер министри Абдылда Суранчиев Конституцияны жана күнөөсүздүк презумпциясын бузду деп айып тагууда. Бул тууралуу "Медиа полиси институту" коомдук фондунун билдирүүсүндө айтылат. Министр Абдылда Суранчиевдин 28-майда парламенттик комитетте сүйлөп жатып "Озодлик" радиосунун кабарчысы бачабаздык кылды деп шектелип жатканын айтып, шектүүнүн аты-жөнүн жарыялаган.

"Бул Конституцияны жана Кылмыш-процессуалдык кодексти одоно бузуу болуп эсептелет", - деп айтылат медиаэксперттердин билдирүүсүндө. Алар соттун чечими күчүнө кирмейинче эч ким күнөөлүү деп атала албасын, бул принципти бузуу жоопкерчиликке тартууга негиз болоорун эскертишти.

Билдирүүдө ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөш адам укугу сакталган учурда гана натыйжа берээри белгиленген. (RK)

XS
SM
MD
LG