Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Нарында облустук милиция башчысынын орду талашка түштү


Нарын облустук милиция башчысынын орду талашка түштү. Кабарчыбыздын айтымында, отуздай адам бүгүн кечке облустук ички иштер башкармалыктын кире беришин тороп, "жаңы жетекчиликти киргизбейбиз" деп турду. Бирок азыркы башчы Таалай Нуралиев жетекчиликтин буйругуна баш ийерин айтып, ордун бошотууга даяр экенин билдирди.

Эки жыл мурда бул башкармалыкты жетектеп турган Нарынбек Молдоисаев кызматынан мыйзамсыз алынганын айтып сотко арызданган. Жогорку Сот чечимди анын пайдасына чыгарды. Ошондуктан Молдоисаевди кайрадан ордуна дайындоо үчүн Нарын облустук башкармалыгына бүгүн ички иштер министринин орун басары Фурхад Үсөнов барды. Ушу тапта ал милициянын өздүк курамы менен жолугушуу өткөрүүдө. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG