Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:28

Ирактагы жарылуудан жети кишинин өмүрү кыйылды

Садр сити районунун жарылуу болгон жери. 28-май, 2013-жыл.
Садр сити районунун жарылуу болгон жери. 28-май, 2013-жыл.
Беш киши борбор Багдаддын шииттер басымдуулук кылган Садр сити районунда бомба коюлган автоунаанын жарылуусунан каза тапты. Эки киши борбордун түндүк-чыгыш тарабындагы жарылуудан мерт болду.

Мунун алдында кечээ Багдаддын шииттер жашаган аймактарындагы жарылуулардан кеминде 75 кишинин өмүрү кыйылган эле.

Иракта кыянатчылыктар жыл башынан бери көбөйдү. Бул өз кезегинде 2006-2007-жылдары миңдеген кишинин өмүрүн алган жана диний негиздеги араздашуу кайра башталдыбы деген камтамачылыктарды жаратууда.

Кыянатчылыктардын азыркы толкуну шииттер башкарган өкмөт менен суннит азчылыгы ортосундагы тирешүү 2011-жылы декабрда, АКШ аскерлери кеткенден бери эң күчөгөн учурга туш келүүдө. (UE)
XS
SM
MD
LG