Кумтөр алтын кенин иштеткен компаниянын эки кызматкери карышкырга таланып, азыр ооруканада жатат. Бул кабарды "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук ооруканасынын жетекчиси Токтобай Маанаев тастыктады. Анын айтымында, жабыркагандардын бирөөсүн карышкыр катуу тиштеп салган, экинчиси карышкырды таш менен уруп качып баратканда кан чачырагандыктан аны да ооруканага жаткырышкан.
Айрым маалыматтар боюнча, бул эки кызматкер Кумтөрдүн жолу буулуп турганына байланыштуу жумуштан кийин үйүнө токой аралап жөө түшүп баратканда ушундай кырсыкка кабылган.
Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын 150-200дөй тургуну эки күндөн бери Барскоон - Кумтөр унаа жолун тосуп, машиналарды өткөрбөй турат. Алар Кумтөр ишканасынан бир катар социалдык шарттардын аткарылышын талап кылууда. (MK/RK)