Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:53

Кулов Батукаев боюнча маселени кийинкиге калтырууну сунуштады


Азиз Батукаев боюнча маселени парламент бүгүн эмес, кийинки аптада караганы туура. Мындай сунушун бүгүн парламенттин жыйынында башкаруучу коалициянын жетекчиси Феликс Кулов айтты:

Оппозициялык фракциялар Батукаев боюнча депутаттык комиссияга кирүүдөн расмий түрдө баш тарткан. Андыктан, бүт жоопкерчилик көпчүлүк коалицияга түшүп жаткандыктан биз бул маселени алгач коалицияда талкуулап, андан кийин жалпы жыйынга алып чыксакпы деген гана ой.

Бирок Феликс Куловдун бул сунушу көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон жок. Маселе бүгүн түштөн кийин каралмай болду.

"Мыйзамдагы ууру" делген Азиз Батукаев айыккыс ооруга чалдыкты деген жүйө менен абактан бошотулган. Бирок мындай диагноз ага жалган коюлган деген сөздөргө байланыштуу маселени териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Бүгүн ошол комиссиянын корутундусу талкууланат. (RK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG