Ушу тапта Бишкекте, Жогорку Кеңештин алдында нааразылык акциясы өтүп жатат. Кабарчыбыздын айтымында, элүү чакты киши колдоруна плакаттарды кармап алып, дары-дармек сатууга байланыштуу патент маселесин чечүүнү талап кылып турат. Талаптар узундугу 250 метрлик плакатка да жазылган.
"Партнердук түйүн" ассоциациясынын жетекчиси Мээрим Мураталиеванын айтымында, дары-дармекке байланыштуу патент мыйзамдарын жеңилдетүү талабы жазылган кайрылуу депутаттарга тапшырылды.
Жарандык коом өкүлдөрүнүн айтымында, вирустук гепатит, онкология, ВИЧ, кургак учук ооруларын дарылоо үчүн керектелчү дарылардын баасы өтө эле кымбат. Азыркы мыйзамга ылайык, пайданы андай дарыларды сатууга укук берүүчү патенти бар фармокомпаниялар гана көрүүдө. Мисалы, гепатиттин С түрүнө кабылгандарды дарылоого 14 миң долларлык дары талап кылынаары айтылды. (RK)