Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Абактагы экс-министр Сабировдун абалы начарлоодо


Кыргызстандын мурдагы социалдык өнүктүрүү министри, беш жылга кесилген Равшан Сабировдун абалы начарлап, мурду канап жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын жакындары кабарлады. Маалыматты Сабировдун адвокаты Икрамидин Айткулов да тастыктады.

Экс-министр 27-майда кургак ачкачылык жарыялап, суу ичүүдөн баш тарткан.

Сабиров ак жеринен кесилгенин айтып, өзүнө байланыштуу Жогорку Сот чечимин мамлекет башчы Башмыйзамдын кепили катары өз көзөмөлүнө алуусун жана бул боюнча көз каранды эмес комиссия түзүүнү өтүнгөн.

Сабиров чет өлкөлүк жарандарга кыргызстандык балдарды асыроого уруксат берүүдөгү коррупцияга катышы бар деген айып менен 5 жылга эркинен ажыраган. Жогорку Сот шаар сотунун бул чечимин күчүндө калтырган. (RK)

XS
SM
MD
LG