Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

Сулайманов: Батукаевдин кишилери Москвадагы кыргыз соодагерлерин кордоодо


Москвада иштеген кыргыз соодагер мигранттарды Батукаевдин кишилери кордой баштады, буга Азиз Батукаевдин абактан бошотулуп жиберилиши себеп болууда. Мындай пикирин бүгүн парламент жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов билдирди. Батукаевге баш ийген кылмыш топтордун курамында түрдүү улуттагы кишилер бар экенин кошумчалады.

Ички иштер министри Абдылда Суранчиев Москвада 200дөй кыргыз аралашкан кылмышкер топ бар экенин, алардын арасынан экөө чечен улутундагылар экенин айтты.

Ушу тапта парламентте "мыйзамдагы ууру" делген Азиз Батукаевдин Нарындагы түрмөдөн мөөнөтүнөн эрте бошотулушунун себептерин териштирген убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG