Кумтөрдөн алтын казууга каршы митинг бүгүн да уланууда. Акцияга Жети-Өгүз районундагы айылдардан өкүлдөр келип катышты. Миңге чукул митингчилер бүгүн акыркы күн болгондуктан түшкү саат үчкө чейин өкмөттөн киши күтүштү. Бирок акцияга чыккандар менен облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери гана жолукту.
Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мырзабек Исмаилов акцияга чыккандарды мыйзамды сактоого чакырды жана парламентте саат алтыда кезексиз жыйын болорун маалымдады.
Учурда Барскоон-Кумтөр жолу жабык бойдон турат. Акцияга чыккандар бүгүн жооп болбосо, эртең Кумтөр алтын кенине аттанарын билдиришти. Митингчилер ал жакка боз үй тигип, тынчтык жолу менен талаптарын коёрун айтышууда.