Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Пакистанда Талибандын экинчи колбашчысы өлтүрүлдү


Вали-ур Рехман Мехсуд
Вали-ур Рехман Мехсуд
Вали-ур Рехман Мехсуд уруулар жашаган Түндүк Вазирстан аймагында АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагынын соккусу менен жок кылынган. “Азаттыктын” Пакистан кызматы – “Машаал” радиосу бул кабарды жергиликтүү бийлик жана "Талибандын" өкүлдөрүнөн алды.

Учкучсуз башкаруудагы учак соккуну өткөн түнү Часмапул деген кыштакта жасаган. Буга дейре АКШ өкмөтү Пакистандагы талибдердин “Техрик-е-Талибан” тобунун колбашчысы Хакимулла Мехсуд жана анын орун басары Вали-ур Рехман Мехсуддун табылышына жардам берчү маалымат үчүн 5 миллион доллардан сыйлык жарыялаган эле.

Вали-ур Рехман Мехсуд 2008-жылы Пакистан борбору Исламабаддын Шератон мейманканасында жардырууну уюштурган деп да шектелген. Анда элүүдөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган эле.

АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагынын өткөн түнкү соккусунан "Талибандын" дагы бир нече адамы мерт болгон. Пакистан өкмөтү Рехман Мехсуддун өлүмүн азырынча ырастай элек. (UE)

XS
SM
MD
LG