Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Парламент Батукаев маселесин кароону улантат


Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда депутаттар Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда кое берилүүсүн иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоону улантышат. Ошондой эле бүгүн парламент комиссия корутундунун негизинде даярдаган токтом долбооруна добуш берет.

Токтомдо "мыйзамдагы ууру" аталган Азиз Батукаевдин түрмөдөн эрте чыгып кетүүсүнө жол берген мамлекеттик жетекчилерди кызматтан алуу, аларга Кылмыш кодексинин 303-беренеси боюнча айып тагып, кылмыш ишин козгоо талабы коюлган. Батукаевдин бошотулуусун иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун парламент кечээ карай баштаган. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул окуяны кыргыз бийлиги кылмыш дүйнөсүнө баш ийип берди деп баалады.

9-апрелде Нарын шаардык соту он алты жылга кесилген Азиз Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Кийинчерээк парламентте бул окуяны иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. ИИМдин акыркы маалыматы боюнча Батукаев ушул тапта Москва шаарында.(ZKo)

XS
SM
MD
LG